Тон
Бул — койдун, эчкинин, кийиктин терисинен жүнү ичине каратылып жасалган кышкы сырт кийим. Тери тон сөөлөт үчүн да кийилет. Мунун бучкактарын да жерге таштабайт, андан курак көлдөлөң, балдарга кийим-кечек бычылат. Малдын, кайберендердин жана аң терилери көчмөңдүү элдин турмуш-тиричилигинде тигил же бул кийим-кечелерди жасоого өтө керектүү жердик болгон. «Тогуз катар торкодон, токту акемдин түгү өттү» — деген накыл айтылат.
Тон — өңдөлгөн (бордолгон) тон, ышкын түп жапкан тон (боелгон) тон делинет. Карыяларыбыз көөлбүп кие турган тондун жакалык көрпөсүнүн жүнүнүн узундугу эки-үч элидей болот да, адатта, тармал кара көрпөдөн салынышы нарктуу көрүнөт. Анын өңүрү жана этек-жеңинин жүнү кыска кара көрпөдөн болот. Кара кыжымыдан, чий баркуттан эни карыштай жана андан жазыраак көбөө коюлат. Тондун этек-жеңинин, өңүрүнүн көрпөсүнүн жүнү жайкалып чыгып турат.
Тон топчуланбайт. Кол башы менен түрлөнүп чалынган, топ чачыланган боо аркылуу байланат. Күмүш сакалдарын жайкалтып, каалгый кийген мындай сырт кийимдин ичи да кара көрпөдөн болушу тийиш. Тондук тери боедон өткөндөн кийин аны кийген чакта куучуйуп тарып кетпеши үчүн керип-чоюп, колдо ийлеп, булуң-бурчтарын керип тырмактап бычкан. Тигишин жаткызыш үчүн тиштеткен.
Жоого каршы аттанганда кийүүчү тонду «туулга тон», «чарайна тон» деп аташкан. Кийинчерээк уздар бүйүрмө тон да тигишкен. Анын этеги жайылып кенен, бели беш-он жеринен бүйрүлүп, көкүрөк тарабы денеге чакталып бычылат. Анын көбөөлөрүнүн эни эки элидей келет да, жүнү кыска ак, кара көрпөдөн болот. Мында көбөө кийимдин этек-жеңинен, өңүрүнөн сырткары төштүн эки жагына да бастырылат. Бүйүрмө тондун жакасы пальтонукундай болот да, буга көбүнчө темир илгич коюлат. Антип көбөөлөнбөй, бүйүрмөлөнбөй эле жакалуу же жакасыз этек-жеңи кенен тондор да тигилет. Тонду тигүүдө жана кийип жүрүүдө да аймактык айырмачылыктар көрүнүп турат.
Маалыматтын булагы
түзөтүүАкматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)