ТооторуКыястын минген аты. Манасчылар тарабынан Т. ар дайым чоңдугу тоодой учкаяк эле эмес, адамча сүйлөй билген өтө кереметтүү мал катары көрсөтүлөт. Т-ну Кыяс боор эти менен тең көрөт. Андан ажыраган күнү өлөрүн да сезет. Саякбай Каралаевдин варианты варианты боюнча Т. кээде Кыяс баатырдын өзүнөн да акылдуу, Кыяс аны Айчүрөккө аргасыздан бергенде:

Биттейибизде бириктик,

Бармактайда баш коштук,

Кенедей күндө кезиктик,

Эрдигиң бар, эсиң жок Кыяс

Аялыңа алдаттың (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 956-инв., 84-б.), — деп нааразы болот. Башка бир вариантта да Т. "Катынга атын алдаткан Кан ичме Кыяс аман бол" (Жакшылык Сарыковдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 63-инв., 133-б.). Т. менен Айчүрөктүн ортосунда кадимкидей карама-каршы көз караштардын күрөшү жүрөт. Айчүрөк Т-ну дубалап сүйлөтпөй койгондо Т. ага чындап өчөшүп, ала качып жүрүп тоо-ташка уруп өлтүрүүгө аракеттенет. Бирок, Т. канчалык касиеттүү, учкаяк болсо да адамдын акылына баш ийүүгө аргасыз болот. Айчүрөк анын тилин байлап, суук дуба менен колу-бутун матап, бастырбай салат. Акыры Т. Айчүрөк тарабынан Манастын арбагына багышталып союлат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4