Топтук динамика – кичине топтордо болуп жаткан психологиялык процесстерди изилдей турган социалдык психологиянын тармагы. Бул термин адегенде немец психологу Левин тарабынан негизделген мектепти белгилөө үчүн колдонулган. Левиндин мектебинде лабораториялык эксперимент шартында кичине топтордун билими, ынтымагы жөнүндө маанилүү далилдерди алуу үчүн методдор системасы иштелип чыккан. Аталган термин социалдык психологияда топтук процесстердин бардык жыйындысы катары да колдонулат. Мындай изилдөөлөр прикладдык мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004