Топчубаш (лат. Malva L. 1753) – өсүмдүктүн гүлкайырлар тукумундагы уруусу. Бир, эки же көп жылдык чөп. Кызыл, мала кызыл же ак гүлдөрү жалбырак колтугунан өсүп чыгат, эки катар чөйчөкчөлүү. Мөмөсү 3-5 уялуу кутуча, бышканда уруктуу мөмөчөлөргө ажырайт. Т-тын 40тай түрү Жер шарынын мелүүн жана субтропик аймактарында таралган.

Malva sylvestris.

Кыргызстанда 5 түрү көбүнчө короо-жайга жакын жерде, бак жана бадал арасында, бөксө тоодо өсөт. Т-тын көп түрлөрүндө каротин, С витамини бар, жалбырагы тамак-ашка кошулат. Медицинада , айрым түрү аркан жасоодо, гүлү жүн жана башка боёодо колдонулат. Кээ бири кооздук үчүн өстүрүлөт, көпчүлүгү балдуу, айрымы малга тоют.

Колдонулган адабияттар түзөтүү