Торонто эл аралык кинофестивалы

Торонто эл аралык кинофестивалы (англ. The Toronto International Film Festival, TIFF, tiff катары стилдештирилген) – жыл сайын 480 миңден ашык адам катышкан дүйнөдөгү эң ири ачык кинофестивалы. Акыркы 42 жыл ичинде, конокторго жаңы тасмалардын танытуу роликтерин, ошондой эле жандуу тасмаларды жана интерактивдүү галереяларды тартуулаган тасма маданиятынын TIFF Bell Lightbox борборунда өткөн TIFF кинофестивалы тасма тартуу маданиятынын жылдык иш чарасына айланган.

Жыл сайын TIFF Bell Lightbox тасма тартуу тармагына жардам көрсөтүп Канада жана башка өлкөлөрдүн кинематографисттери менен жолугушууга өбөлгө түзүп көргөзүүлөрдү, лекцияларды, талкууларды, фестивалдарды, семинарларды сунуштайт. TIFF Bell Lightbox Торонтонун борборунда, Кинг-стрит менен Жон-стриттин түндүк-батыш капталында жайгашкан.

2016-жылы Торонто борборунда, 28 экранда 83 өлкөнүн 397 тасмасы көрсөтүлгөн, иш чарада 480 миң киши катышкан, алардын ичинен 5000 киши тасма тартуу тармагынын кесипкөйлөрү. TIFF бейшемби күнү кечинде, Канадада белгиленген эмгек күнүнөн кийин (сентябрдын биринчи дүйшөмбүсү) башталып он бир күн созулат.

Эл аралык фестивалдын кинорежиссерлордун популярдуу добуш берүүсүндө негизделген People’s Choice сыйлыгы ийгиликтин үлгүсү болуп саналат. Сыйлыкка ээ болгон тасмалардын ичине "Бөлмө" (англ. Room), "Сымалдаштыруу оюну" (англ. The Imitation Game), "Кулчулукта өткөргөн 12 жыл" (англ. 12 Years a Slave), "Зордук менен король" (англ. The King's Speech), "Миллионер" (англ. Slumdog Millionaire), "Окуянын бактылуу бүтүшү" (англ. Silver Linings Playbook), "Арго" (англ. Argo), "Арстан" (англ. Lion), "Ла-Ла Ленд" (англ. La La Land) жана "Даллас сатып алуучулар клубу" (англ. Dallas Buyers Club) кирет.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү