ТоручаарМанастын Аккулага чейинки минген аты. Саякбай Каралаевдин варианты варианты боюнча Манас төрөлгөн күнү Жакыптын жылкысынын ичиндеги Кула бээден туулган кулун. Ал жерге түшкөндө эле баатырга ылайык тулпардык сыны көзгө урунат:

Жерди чапчып Торучаар

Таптап турган кези экен,

Энесинин үстүнөн,

Ары-бери түйүлүп,

Аттап турган кези экен (Саякбай Каралаев, 1. 54).

Ошондон баштап Т. Манаска далай кызмат өтөйт. Он эки жашар Манас Т-ды минип кытайдын Кочку баштаган жети жүз колу менен беттешет. Т-дын күлүктүгү аркасында жаш Манас нечен курдай өлүмдөн кутулат. Манастын кытай менен болгон экинчи урушунда Каражой аттуу мерген колдуу окко учат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4