Тору-Айгыр шаар калдыгы — орто кылымга таандык эстелик.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги Тору-Айгыр кыштагында жайгашкан. Аянты 60 гага жетип, дубал менен курчалып бекемделген. Шаардагы турак жай жана өндүрүш курулуштары азыркы мезгилде дөбөлөргө айланган. Түндүк тарабынан кыш бышыруучу з-ддун калдыгы табылган. Андан имараттын астына төшөлүүчү жана дубалга капталуучу кооз плиталар да чыгарылган. Бул эстелик 10-12-кылымда Ысык-Көл ойдуңунда соода менен кол өнөрчүлүктүн өнүккөнүн далилдейт.

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4