Тофалар - Россия Федерациясынын Иркутск аймагындагы Нижнеудин районунун Алыгжер, Нерха, Жогорку Гутара айылдарында жашаган түрк тилдүү этнографиялык топ.

Жалпы саны 731 киши (1989-ж. маалыматтар боюнча). Анын ичинен 314 киши өз эне тилинде сүйлөшөт. Өздөрүн тофа, тоха, карагастар деп аташат. Түрк тилдеринин генеологиялык жиктешүүсүндө уйгур-огуз тобунун уйгур-тукюй бутагында сүйлөшөт. Тофалар тилинин негизи байыркы огуз, уйгур тилдери менен байланышкан. Теги жагынан тожу-тувалыктарга жакын. Бугучулук, аң уулоо менен кесиптенишет. Бугуну транспорт, этин, сүтүн тамак, терисин кийим катары пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.