Тоңдурма - жайында-күзүндө айдап, кышында тоңдурулган жер.

Келээрки жылы жаздык эгин айдоо үчүн пайдаланылат. Мында ным, айыл чарба өсүмдүгүнө сиңимдүү азык-зат көп топтолуп, отоо чөп, өсүмдүк зыянкечтери, өсүмдүктөрдүн илдет козгогучтары жоголот. Эрте жазда айдоо жумуштарын жеңилдетет. Тоңдурма айдалганда, айрыкча кургакчыл аймактарда эгиндин түшүмү жогорулайт. Коңтормо деп да аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2