"Троллдор" (англ. Trolls, орус. Тролли) — Томас Дэмдин тролл куурчактарына негизделип 3D форматында 2016-жылы тартылган Американын музыкалык романтикалык комедиялык анимациялык тасмасы. Режиссерлору Майк Митчелл жана Уолт Дорн[6]. Эрика Ривиноянын аңгемесине негиздеп сценарийин жазгандар Жонатан Айбел жана Гленн Бергер. Мультфильмде үн коштогондор Анна Кендрик, Жастин Тимберлейк, Зоуи Дешанел, Расселл Брэнд, Жэймс Корден жана Гвен Стефани. Башкы окуя эки троллдун өз айылын тролл жегич бергендерден куткаруу үчүн жан үрөп аракет кылганынын айланасында өнүгөт.

Троллдор
Жанры

фэнтези тасма, музыкалык тасма и romantic comedy

Режиссёру

Mike Mitchell

Продюсери

Gina Shay

Оператору

Yong Duk Jhun

Композитору

Кристоф Бек

Кинокомпания

DreamWorks Animation

Узактыгы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Кирешеси

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Өлкө

 АКШ

Тили

англис тили

Жылы

2016

IMDb

ID 1679335

DreamWorks Animation компаниясы тарабынан тартылган 33-анимациялык тасманын премьерасы Лондон кинофестивалында 2016-жылдын 8-октябрында болуп өткөн.[3][7] Ал эми АКШнын кинотеатрларында 20th Century Fox компаниясы тарабынан бир айдан кийин 4-ноябрда көрүүчүлөргө сунуштала баштаган.[8] Мультфильмге жалпысынан оң ой-пикирлер айтылган. 125 млн доллар бюджет менен тартылган "Троллдор" дүйнө жүзү боюнча 345 млн доллар жыйнай алган. Оскар сыйлыгынын "Эң мыкты музыка" номинациясына "Сезимди чектей албайм!" чыгармасы менен көрсөтүлгөн.".

Уландысы 2020-жылдын 10-апрелинде жарык көрөт деп пландаштырылууда. Анда Кендрик (Поппи) менен Тимберлейк (Брэнч) өз ролдорун кайра жаратышмакчы.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү