Тропик оорулары - тропик, субтропик өлкөлөрдө таралган оорулар.

Аларга жугуштуу жана мите оорулар (негизинен трансмиссиялуу оорулар) кирет: безгек, мелиоидоз, сэры лихорадка, фрамбезия, лейшманиоз, шистосоматоз, филяриатоз ж. б.; козгогучтары: бактериялар, вирустар, риккетсиялар, спирохеталар, мителер. Алар эпидемиялык турге тез айланат. Тропик ооруларына ысык климаттын таасиринен пайда болуучу бир топ жугушсуз (мисалы, дерматиттер, бери-бери оорусу, квашиоркор), ошондой эле уулуу жыландардын, жөргөмүш, балыктардын чагуусунан пайда болгон оорулар кошулат. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө Тропик ооруларынын көп таралышына табигый өзгөчөлүгү гана эмес, социалдык жана экономикалык жагынан артта калгандыгы да себепкер. Ошондой эле санитария-гигиеналык маданияттын төмөндүгу, жетишсиз медициналык жардам, ачкачылык, калктын турмуш өзгөчөлүктөрү Тропик ооруларынын көбөйүшүнө, ал эми ысык жана нымдуу климат жугуштуу ооруларды козгогуч микроорганизмдердин, мителердин жана аларды ташыгычтардын көбөйүшүнө ыңгайлуу шарт түзөт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) Тропик оорулары менен күрөшүүдө өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам берүү тууралуу эл аралык өзүнчө программа кабыл алган. Натыйжада акыркы жылдары Африка, Азия өлкөлөрүндө Тропик оорулары азаюуда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.