Тростник, бал камыш (Phraqmites) - дан өсүмдүктөр тукумунун уруусу.

Бийикт. 3,5, кээде 6 жге жетет. Көп гүлдүү, машагы шыпыргы топ гүлгө чогулган. Негизинен вегетациялык жол менен көбөйөт. Тростниктин 5 түрү Арктика менен Антарктидан башка бардык жерде, 2 түрү Азия, Африка жана Австралиянын тропигинде, 1 түрү Чыгыш Азия жана Аргентинада кездешет. Көлмө жээгинде, сазда жана саздуу токойлордо калың өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү (түштүк жана жапон Тростниги) Ы. Чыгышта өсөт. Ал кагаз-целлюлоза өнөр жайында сырьё катары пайдаланылат. Өстүрүлгөн түрүнөн кант алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4