Тувалар, тывалар (өздөрүн сойоттор, сойондор, урянхайлыктар деп аташат) - Россиядагы эл, Туванын жергииктүү калкы.

Ошондой эле Монголияда (35 миң) жана Кытайда (Шинжаң-Уйгур автоном районунда 3 миң) да жашашат. РФда 263934 киши, алардын ичинен Тува Республикасында 250 мин (2010). Жалпы саны 300 мин киши.

Тили түзөтүү

Тува, орус жана түштүк райондору моңгол тилдеринде сүйлөшөт.

Дини түзөтүү

Динге ишенгендери негизинен буддисттер-ламаисттер, ошондой эле шамандар.

Курамы түзөтүү

Тувалар батыш жана чыгыш же тувинститутожиндерге (тувиндиктердин 5%ин түзөт) бөлүнөт. Моңголия аймагында жашаган Тувалар бир нече этностук топтон турат: урянхайлыктар мончак, алтайлык жана хубсугулдук урянхайлыктар, ошондой эле цаатандар.

Тарыхы түзөтүү

Тувалар - Борбордук Азиядагы түрк тилдүү уруулардын байыркы тукумдары. Тувалардын ата-бабалары б. з. 1-миң жылдыгынын ортосунда азыркы Тува аймагына отурукташып, кет, самодий тилдүү жана инди европалык уруулар менен аралашкан. 6-кылымда Тувалар Түрк, 8-кылымда Уйгур кагандыктарына, 18-кылымдын аягында манжурлардын Цин династиясына (ушул мезгилде тува этносунун калыптануу процесси аяктаган), 1914-ж. Россия бийлигине баш ийген. 1921-ж. Тувалардын Танну-Тува Эл Республикасы жарыяланып, 1926-ж. Тувин Эл Республикасы деп аталган. 1944-ж. республика автономиялык облус катары РФга караган, 1961-ж. Тувин АССРи, 1991-ж. Тува Реcпубликасы, 1993-жылдан Тыва Республикасы болуп түзүлгөн.

Тувалар боз үйлөрдө жашашып, аңчылык, мал чарбачылык (топоз, төө, ат ж. б.), дыйканчылык (таруу, арпа ж. б.), бугу өстүрүүчүлүк, ошондой эле кол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Тамак-ашы негизинен эт, дан, сүт азыктары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4