Тугушева, Лилия Юсуфжановна

Лилия Юсуфжановна Тугушева (2.1.1932 — 05.6.2020) – орусиялык белгилүү түрколог окумуштуу, филология илиминин кандидаты.

Чыгыш таануучу, түрколог Лилия Тугушева. 27.10.2010.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Лилия Юсуфжановна Тугушева 1932-жылы 10-январда Казакстанда Новая Казанка кыштагында туулган. Теги – татар.

1953-жылы Орусиядагы Ленинград мамлекеттик университетинин (ЛГУ) түрк филологиясы кафедрасын аяктаган.

1953-жылдын сентябрынан 1957-жылдын мартына чейин СССР Илимдер академиясынын Тил таануу институтунун аспирантурасында (Маскөө шаарында) окуган.

Анын илимий жетекчиси - атактуу чыгыш таануучу Э.В.Севортян болгон.

Филология илими тармагындагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Темасы: “Татар тилинин аныктоочу сөз айкаштарындагы сөз ирээти” («Порядок слов в определительных словосочетаниях в татарском языке»).

1957-жылдын март айынан 1966-жылдын мартына чейин СССР Илимдер академиясынын Тил таануу институтунун Санкт-Петербургдагы (ал кездеги Ленинграддагы) бөлүмүндө иштеп, түрк таануу илими тармагында изилдөөлөрүн уланткан.

1969-жылы Ленинградда жамааттык эмгек мөмөсү катары чыккан “Байыркы түрк сөздүгүн” (“Древнетюркский словарь”) даярдоого зор салым кошкон.

1966-жылдын март айынан тартып Тугушева СССР Илимдер академиясынын Ленинграддагы бөлүмүнүн Түркология жана монголистика бөлүмчөсүндө (секторунда) илимий кызматкер катары иштей баштайт. (Бул бөлүм пост-советтик доордо Орусия Илимдер академиясынын Чыгыш булактары институту болуп кайра түзүлдү).

Ал Орусия Илимдер академиясынын Чыгыш булактары институтунда 1977-жылдын апрелинен тартып ага илимий кызматкер болуп иштеди. [1]

Бул институттун Түркология жана монголистика бөлүмчөсүндө иштеп жүрүп, Тугушева “байыркы уйгур жазмалары” делген көөнө жазма эстеликтерди чаалыкпастан иликтейт. Аларды башка байыркы түрк жазма эстеликтерине салыштырып изилдөө жүргүзөт.

“Уйгур жазмасы” деп илимий адабиятта аталган жазмаларды Лилия Тугушева жалпы чыгыш түрк калктарынын орток мурасы деп санайт, аларды жалаң гана уйгурлардын мурасы ирээтинде көрсөтүү калпыс болоорун эскертет.

Жубайы, маркум Анас Бакиевич Халидов (1929-2001) – орусиялык чыгаан арап таануучу, чыгышпоз болгон.

2020-жылдын 5-июлунда орусиялык чыгаан түрколог окумуштуу, булак таануучу, уйгур таануучу Лилия Юсуфжан кызы (Юсуфжановна) Тугушева Санкт-Петербургда дүйнө салды. [2]

Илимий чыгармачылыгы түзөтүү

Лилия Тугушева байыркы «уйгур жазмасындагы» эстеликтерди ырааттуу иликтеп, дүйеөлүк түркологияга бараандуу салым кошту.

Анын калеминен 7 ири монография жана бир нече жүздөгөн илимий макала жарыялады.

Ал эл аралык илимий жыйындарга үзбөй катышты.

Кыргызстандык далай чыгыш таануучуларга устат катары кеңешин айтып турду.

Эмгектеринин тизмеси түзөтүү

  • Tugusheva L. Early Medieval Uighur Records from East Turkestan // Manuscripta Orientalia. International Journal for Oriental Manuscript Research. Vol. 2, No 3, September 1996. P. 8-15.
  • Тугушева Л.Ю. Фрагменты уйгурской версии биографии Сюань-цзана. Транскрипция, перевод, примечания, комментарии и указатели Л.Ю.Тугушевой. - М.: Наука, 1980.
  • Тугушева Л.Ю. Уйгурская версия биографии Сюань-цзана: (Фрагменты из ленинградского рукописного собрания Института востоковедения АН СССР. Ответственный редактор Л.Н.Меньшиков. - М.: Наука, 1991. – 591 с., илл. – ISBN 5-02-016780-0.
  • Тугушева Л.Ю. Раннесредневековый тюркский литературный язык. Словесностилистическая структура. - СПб.: Петербургское востоковедение, 2001. – 176 с. - Серия «Orientalia». – ISBN 5-85803-157-9.
  • Уйгурская версия Dasakarmapathavadanamala. Раннесредневековый уйгурский письменный памятник из рукописного собрания Санкт-Петербургского филиала Института востоковедения Российской Академии Наук [The Daśakarmapathāvadānamālā in Uighur from the Collection of the St.Petersburg Branch of the Institute of Oriental Studies, Russian Academy of Sciences by Shōgaito Masahiro, Tugusheva Lilia, Fujishiro Setsu]. Shokado 1998. (Киото, 1998), (бул китеп жапон окумуштуулары менен автордошуп жарыяланды).
  • Тюркские рунические письменные памятники из Монголии. – Москва: Изд-во Инсан, 2008. – 191 стр. - ISBN 978-5-85840-003-5.
  • Пещеры тысячи будд : Российские экспедиции на Шелковом пути : К 190-летию Азиатского музея : каталог выставки/ науч. ред. О. П. Дешпанде ; Государственный Эрмитаж ; Институт восточных рукописей РАН. СПб.: Изд-во Гос. Эрмитажа, 2008. 480 с.: ил.
  • Сутра Общины белого лотоса: тюркская версия / транскрипция, пер. с раннесредневекового тюркского яз., предисл., примеч., указатель слов Л.Ю. Тугушевой. М.: «Восточная литература», 2008. 207 с. («Памятники письменности Востока». CXXVII.
  • Хуастванифт (Манихейское покаяние в грехах) / Предисловие, транскрипция уйгурского текста, перевод Л. Ю. Тугушевой. Комментарий А. Л. Хосроева. Факсимиле текста. СПб.: «Нестор-История», 2008.
  • История отечественного востоковедения с середины XIX века до 1917 года. Редакционная коллегия А.А.Вигасин, А.Н.Хохлов, П.М.Шаститко. [В написании монографии принимали участие следующие авторы: Баевский С.И., Базиянц А.П., Берзин Э.О., Берлев О.Д., Большаков О.Г., Вигасин A.A., Воловников В.Г., Ворожейкина З.Н., Горегляд В.Н., Дридзо А.Д., Каплан Г.Х., Кляшторный С.Г., Колесников А.И., Курдоев К.К., Кычанов Е.И., Лужецкая Н.Л., Мазитова H.A., Назирова H.H., Никифорова В.Н., Пан Т.А., Петросян И.Е., Полосин Вал.В., Рыженков М.Р., Соловьев В.И., Султанов Т.И., Тугушева Л.Ю., Туманович H.H., Хохлов А.Н., Чарыева Н.К., Шаститко П.М., Шифман И.Ш.] М.: Издательская фирма «Восточная литература» РАН, 1997. — 536 с.
  • Тугушева Л.Ю. Уйгурская рукопись из собрания ЛО ИВАН СССР // Письменные памятники Востока / Историко-филологические исследования. Ежегодник 1969. М.: «Наука», ГРВЛ, 1972. C. 315-339.

Ал тууралуу шилтемелер түзөтүү

Интернеттеги шилтеме түзөтүү

Ички шилтемелер түзөтүү

  1. http://www.orientalstudies.ru/rus/index.php?option=com_content&task=view&id=13080&Itemid=48
  2. https://www.azattyk.org/a/science_turkology_tatar_rus_lilia-tugusheva_obit_2020_tch_kyrgyz/30661661.html