Тула
Тула - РФтеги шаар, Тула облусунун адм. борбору.
Упа дарыянын боюнда. Калкы 461,6 миң (2024; Тула-Новомосковск агломерациясы менен 1 млндой). Темир жол түйүнү. Kapa металлургия, машина куруу жана металл иштетүү (комбайн, тоо-кен жана трансформаторлор, курал-жарак, ок-дары ж. б. механика. «шталеп»- атайын техника), хим., жеңил, тамак-аш, курулуш материал ж. б. өнөр жай ишканалары жана Россиядагы самоор чыгаруучу бирден-бир заводу иштейт.
ЖОЖдор, театрлар (алардын ичинен драма, жаштар ж. б.), музейлер (алардын ичинен кооз курал-жарактар (1724)) бар. 1382-ж. негизделген, 17-кылымдан темирден майда барат даярдоонун борбору болгон. 1941-ж. октябрь, декабрь айларында Кызыл Армиянын бөлүктөрү жана шаар калкы Туланы баатырдык менен коргоп, Москванын жанында фашисттик-немецтик аскерлердин кыйрашына шарт түзгөн. Кремль (1514-21), Успенье собору (1762-64), Благовешение чиркөөсү (1692) сакталган. Шаарга 1976-ж. Баатыр шаар наамы ыйгарылган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4