Тулпарташ эстеликтери - Соңкөл өрөөнүнүн Көкбулак жергесинде жайгашкан археологиялык эстеликтер тобу. Диаметри 1,2 мге жеткен 8 бейиттен турган эрте темир дооруна таандык көрүстөндөр, байыркы түрк дооруна таандык балбал таштар, аска бетиндеги сүрөттөр (1960-ж. археолог Я. А. Шер тапкан), мезолит, неолит доорлоруна мүнөздүү таш куралдары табылган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.