Тулуп – чаарчык, улак, музоо ж.б. мал терисинен жасалган баштык. Туюк сыйрылган тери (жүнү алынып же алынбай) ашатылып, ийленип, аңтарылып тигилген. Тулуп азык салуу жана балдар чүкө салчу баштык ордуна колдонулган. Көчмөн турмуштагы оңтойлуу идиш.


Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.