Тумар - түрдүү оорулардан, кырсыктардан сактануу максатында курандын аяттарынын бири жазылган кагаз.

Ал кагаз үч бурч бүктөлүп, сыртынан булгаары же жашыл түстүү бышык, калың кездеме менен капталып тигилет. Тумар адамдын моюнуна, көбүнчө жакасына же кийимдин таза жүрө турган бир жерине, бешикке ж. б. тагылат. Адатта Тумарды молдо жазат. Анын касиетине ишенүү байыркы мезгилдеги магияга жана фетишизмге байланыштуу келип чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4