Кагаз — (пахта сөзүнөн улам келип чыккан) — Өсүмдүк целлюлозасынан алынуучу терсек. Кагаз, кат жазууда, гезит, журнал чыгарууда, сүрөт тартууда колдонулат.

1803-жылдан тарта кагазды алууда кагаз иштеп чыгуучу шаймандар пайдаланылышат.

 
Цай Луньдун кагаз жасоо убагы

Кытай жазууларын карап көрсөк кагаз б.з. чейин 105-жылы Цай Лунь тарабынан ойлоп табылган (караңыз ИСТОРИЯ БУМАЖНОГО ЛИСТА, № 12, 2009 год Журнал Наука и жизнь. Бирок 1957-жылы Кытайдын түндүк аймагындагы Шаньси чөлкөмүндөгү Баоця деген үнкүрүндө табылган көрүстөндө кагаздын калдыктары табылган. Ал калдыктарды изилдегенде б.з. чейин II кылымга таандык болгон.

Цай Лунга чейин Кытайда кагазды дүмбүрдөн, а андан мурда жибектен жасап келишкен.

Цай Лунь жибектин калдыктарын, жыгач күлүн, жана дүмбүрдү пайдаланып биринчи кагазды алган. Ал, баардыгын майдалап, суу менен аралаштырып, алынган аралашманы жыгач калыпка салып кургаткан. Кургагандан соң ал аралашманы таштын жардамы менен тегиздеп түздөп кагаздын бекем барагын жасаган.

Цай Лундун ойлоп тапканынан кийин, кагазды иштеп чыгуу уламдан улам өнүгүп олтурган. Кагаз бекем болушу үчүн курамына крахмал, клей, жана жасалма боёктор колдонулган.

VII кылымдын башында кагазды жасоо ыкмасы Кореяга жана Жапондорго белгилүү болот. Ал эми 150 жылдан соң согуш учурунда камакка алынган жергиликтүү калктан арабтар да билишет.

VI—VIII кылымдарда кагазды өндүрүү Борбордук Азияда, Кореяда, Жапонияда жана башка Азия өлкөлөрүндө жүргүзүлөт. XI—XII кылымда кагаз Европада пайда болот. XV—XVI кылымдарда китеп жазуу жоголку денгээлге чыккандыктан кагаз өндүрүү да кескин өнүгө баштайт.

Кагаз өндүрүүдө негизги орунду XVII кылымда ролл-шайманы аткара баштайт. XVIII кылымдын соңунда роллдор көп өлчөмдө кагаз өндүрүүгө өбөлгө түзөт. Бирок ошентсе да ролл-шайманы колго иштегенгиктен өндүрүү аз болот. 1799-жылы Н. Л. Робер (Франция) тынбай иштей турган кагаз өндүрүүчү шайманды ойлоп табат. Англияда болсо Г. жана С. Фурдринье бир туугандар, Робердин патентин сатып алышып кагаз өндүрүүнү улантып келишкен, ошентип 1806-жылы кагаз жасоочу шайманды патенттештиришкен. XIX кылымдын ортосунда бул жөнөкөй шайман оор механизмдеги агрегатка айланат да, автоматташтырылган учурга өтөт.

Хронология

түзөтүү