Тункин ойдуңу - Чыгыш Сибирдин түштүгүндөгү ойдуңдар системасы; түндүгүнөн Тункин жылаңач тоолору (Чыгыш Саян) жана түштүгүнөн Хамар-Дабан кырка тоолору менен курчалган.

Бурят Республиканын аймагында. Кеңдик багытта 200 кмге созулуп, туурасы 50 кмге жетет. Бийикт. 500 мден (батышында) 1400 мге чейин (чыгышында). Иркут д. жана анын куймалары агып өтөт. Түздүктөрүнө талаа (көп бөлүгү айдалган) жана токойлуу талаа мүнөздүү; тоо этегинде кызыл карагайлуу токой кездешет. Минералдуу булактар (Аршан, Нилова Пустынь) бар.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4