Тунук акыл-эстин түбөлүк жаркырагы

"Тунук акыл-эстин түбөлүк жаркырагы" (англ. Eternal Sunshine of the Spotless Mind, орус. Вечное сияние чистого разума) − 2004-жылы Мишел Гондри тарткан, сценарийин Чарли Кауфман жазган америкалык илимий-фантастикалык романтикалык комедия-драма. Тасмада өздөрүнүн эстутумунан бири-бирин өчүрүп салган, өз-өзүнчө жашаган түгөйлөрдүн окуясы баяндалат. Пьер Бисмут Кауфман жана Гондри менен чогуу окуяны жаратышкан. Тасманын аткаруучу курамы: Жим Керри, Кейт Уинслет, Кирстен Данст, Марк Руффало, Элайжа Вуд жана Том Уилкинсон. Тасманын аталышы Александер Поуптун "Элоиза Абелярдга" поэмасынын цитата катары алынган.

Тунук акыл-эстин түбөлүк жаркырагы
Режиссеру Мишел Гондри
Продюсер
Сценарийи Чарли Кауфман
Оператору Эллен Көрас
Тартылгандар
Музыкасы Жон Брайон
Редактору Валдис Оскарсдоттир
Студия
Жайылтуучу Focus Features
Чыккан жылы
  • март 19, 2004 (2004-03-19)
Узактыгы 108 мүн.
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $20 млн[1]
Киреше $72.3 млн[1]

Тасма эстутум табиятын жана романтикалуу сүйүүнү ачып бере билүү үчүн психологиялык триллер жана ыраатсыз баяндоо элементтерин колдонгон. Тасма 2004-жылы 19-мартта Түндүк Америкада жылуу пикир менен жарыкка чыгып, дүйнөлүк аренадан $70 миллиондон ашуун киреше тапкан. Тасма Оскардын "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын алган жана Уинслет "Эң мыкты актриса" сыйлыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Тасма жарык көргөндөн жылдар өтөөрү менен культ пайда болгон жана көптөгөн киносынчылар 21-кылымдын эң мыкты тасмаларынын бири деп белгилешкен.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. 1.0 1.1 Eternal Sunshine of the Spotless Mind. Box Office Mojo.