Туран ойдуңу, Туран түздүгү Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын аймагында. Көп жерин Кара-Кум жана Кызыл-Кум чөлдөрү ээлейт. Уз. 2000 кадей.

Негизги бөлүгү Туран плшпасына туура келет. Нефть жана газ (Маңкыштак нефть-газ району, Газли ж. б.) кендери бар. Рельефине акумуляция ойдуңдары жана түздүктөр, жалпак платолор (Ycmypm платосу, Красноводск) мүнөздүү. Таманы деңиз деңг. төмөн жаткан (Карагие, 132 м) ойдуңдары көп. Айрымдарында туюк туздуу көлдөр (Сары-Камыш, Арал деңизи ж. б.) бар. Бийикт. 922 мге (Кызыл-Кумдун борбордук бөлүгүндөгү Тамды-Тоо) чейин. Климаты кескин континенттик, түштүгүндө субтропиктик. Шыбак-баялыштуу, псамофиттүү жана эфемерлүү чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Түндүгүндө кумдуу, таштуу, түштүгүндө чополуу, шортоң чөлдөр жана таштуу такырлар таралган. Негизинен сезондуу жайыт катары пайдаланылат. Дыйканчылык жасалма сугаруу аркылуу жүргүзүлөт. Б з. ч. 1-миң жылдыкта бул аймакта жашаган тур элинин атынан аталып, «турлардын өлкөсү» деген маанини берет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4