Турбина (лат. turbo - куюн, чоң ылдамдык менен айлануу), бaрa - жумуш аткаргыч нерсенин (буу, газ же суюктуктун) кинетикалык энергиясын мех. жумушка айландыруучу баштапкы кыймылдаткыч.

Анын айланма кыймылдуу жумуш аткаруучу органы -ротор. Жумуш аткаруучу агым роторго айлана боюнча бекитилген калактарга урунуп, роторду кыймылга келтирет. Иштөө принциби боюнча активдүү жана реактивдүү Турбина, конструкциясы боюнча бир же көп баскычтуу болуп айырмаланат. Буу жана газ Турбинасы туруктуу бир жерге орнотулган (электр тогунун генераторлорун, компрессорлорду ж. б. кыймылга келтирүү үчүн) жана транспорттолуучу болуп бөлүнөт. Гидравликалык Турбина туруктуу орнотулуп курулат жана ГЭСте гидрогенераторлорду кыймылга келтирүү үчүн пайдаланылат. Буу Турбинасынын кубаттуулугу 1300 МВтка, газ Турбинасыныкы 100 МВтка жетет, гидравликалык Турбинаныкы 600 МВттам ашык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4