Кинетика энергиясы
Кинетика энергиясы — кыймылдоочу нерсенин энергиясы; механикалык кыймылдын сандык чени. Ар кандай кыймылдоочу нерсе киетика энергиясына ээ. Массасы m болгон чекит ылдамдык менен алга жылуу кыймылында болсо, анын кинетика энергиясы Ек чекит массасын ылдамдык квадратына көбөйтүлгөн көбөйтүндүнүн жарымына барабар: Ек=m2/2. Алга жылуу кыймылындагы нерсенин энергиясы: Ек=2/2, М – нерсенин массасы, — анын ылдамдыгы. Кыймылсыз октун айланасында айлануучу катуу нерсенин кинетика энергиясы Ек=I2 /2, — нерсенин айлануу огуна карата инерция моменти, — нерсенин бурчтук ылдамдыгы. Кинетика энергиясы нерсенин кыймылын токтотуучу күч аткарган жумуштун чоңдугу менен аныкталат, джоуль (Дж) менен ченелет.
Колдонулган адабияттарОңдоо
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9