Турдалиев Төлөш (1923-1992, Манас району, Ак-Жар айылы) — ырчы, обончу.
Мектепти бүткөндөн кийин айылда мугалим, 1946—68-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясында артист, андан кийин Таластагы Каракол айылында клуб башчысы, Кара-Буура райондук элдик театрда иштеген.
Атайдын, Токтогулдун ырларын деңгээлине жеткире ырдаган. Анын «Алмаш», «Адырдын терсек гүлдөрүн», «Ашык жар», «Эпкиндүү Жамал» өңдүү өзү жараткан 20дай обону кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылып алынган.
1958-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун он күндүгүнө катышкан. Комузчу, жамакчы да болгон. «Мелтиреп асман көгөрүп» аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн (1994).

Турдалиев Төлөш

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.

Айрым шилтемелер түзөтүү

ӨЧПӨС ЭЛЕС, ӨЧПӨС ЫРЛАР Archived 2011-12-19 at the Wayback Machine