Турдумамбет Акматалиев

Турдумамбет Акматалы уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Акматалиев, Турдумамбет Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында 1922-жылы туулган.

Негизинен Сагымбай Орозбак уулунун эл арасында кол жазма түрүндө тараган “Манас” эпосунан тааныштыгы болгон. Андан сырткары Тоголок Молдого да жолуккан. Бул тууралуу Турдумамбет өзү мындай деп, эскерет: “Жашыман ыр, жомокко кызыгып, өзүмчө “Манастын” айрым бир окуяларын айта коюп жүрчү элем. Асанбай деген агам баласына той берип, ага бир топ өнөрлүү адамдар менен бирге Тоголок Молдону да чакырды. Бул 1939-жыл эле. Той башталаарда агам мага кайрылып: “Сени Тоголок Молдо менен тааныштырам. Ал киши абдан чоң сынчы, пейли ак, ичи кенен адам. Андан-мындан термелеп бирдемени айтып калмайың бар. Ал башың менен кошо жаралган өнөрбү, же жөн эле бүгүн болуп эртең жоголчу нерсеби – мына ошо киши билет. Коркуп качып кетпе дагы. Мындан ары бетиң ачылып “Манасты” эл алдында айта турган болосуң, же улуу бабанын арбагын козгобой жөн жүрөсүң” – деди. Ошентип, агам мени эл көзүнчө Молдокем менен тааныштырды. Анда: “Кана балам, кичине айтып көрчү”, - деди. Мен сүрдөп жатып, бир үзүндү айттым окшойт, кайсыны айтканым азыр эсимде жок. Молдокем менин көөнүмдү андан бетер көтөрүп: “Баракелде айланайын, жакшылап таптаса, ишке жарачу бала экенсиң. Эми менин жанымда эки-үч күн жүр. Сөздү так, ачык, обонун уккулуктуу кылып айтканга үйрөтөм”, - деди. Бир нече күндөн кийин мени улам айттырып көрүп: “Ии, дурус, эми ушунтип айта бер, улам өнүктүрүп отур. Кудай буюрса, өнөрлүү болдуң, уялбай, тартынбай айтып жүр”, - деп, осуят кылды. Ошондон кийин ыгы келген жерде молдокемден үйрөнгөн “Манаска аш берүү” деген окуяны айтып жүрдүм. Молдокем үйрөткөн обондон жазганым жок. “Менден үйрөн, айланайын, мен Тыныбектен үйрөнгөм, анын “Манасындай” “Манас” болобу” – дегени азыр да эсимде. 1947-жылы мен бир жаман ооруга чалдыктым. Эки бутум жазылбай, бүгүлүп, баса албай, тоголонуп калдым. Ошентип, жаткан тозоктуу күндүн биринде мен үчүн бир чоң окуя болду. Нарындын ооруканасында жаткан кезимде, кечинде, түшүмдө: Манас, Бакай, Сыргак, Чубак, Алмамбет – бешөөнүн ортосунда отурупмун. Бешөө тегеректеп отуруп мага осуят айтып жатышыптыр. Манас: “Сен биздин арбагыбызга таазим кылып жүр. Бизди айта жүр. Ошондо ишиң оңолот” – деп, колумдан тартып тургузуп эшикке чыгарып, башка үйгө ээрчитип барышты. үйдө бир чоң кара казан толтура суу бар экен. Анын жанында бир кара аяк туруптур. Манас ошол кара аяк менен сууну сузду да, мага кайрылып: “Ме, ич, анан бизди эстей жүр, айта жүр!” – деди.

Мына ошол окуядан кийин Турдумамбет “Манаска” чындап ыкылас коюп, айта баштайт. Оорудан толук сакайбаса да, басып жүргөнгө жарап калат. Ал өмүрүнүн акырына чейин эпостун «Манастын балалык чагы», «Алты кандын чатагы», “Алмамбет менен Сыргактын чалгыны”, «Алмамбеттин жомогу», «Алмамбет менен Чубактын чатагы», “Алмамбеттин Макел дөөнү жеңиши” аттуу окуяларын айтып, манасчылардын областык, республикалык, эл аралык мелдештерине катышып, алдыңкы орундарга ээ болуп келген.


Колдонулган адабияттар түзөтүү