Турнир (нем. turnier) - катышуучулардын саны экиден көп болгон өздүк жана командалык мелдештерди өткөрүү формасы.

Негизги системасы айланма (ар бири бардыгы менен бир же көп жолу беттешет) жана олимпиялык же кубоктук (утулгандар кийинки турга катышпайт) түрүндө болот. Турнирдин олимпиялык, чемпионаттык кубоктук жана чакыруу иретинде өткөрүлүүчү жсшдоштук түрлөрү бар. Өткөрүлүүчү Турнирдин маанисине, катышуучулардын санына жана өткөрүү убактысына карата алардын түрлөрү белгиленет. Мис., КРде бокс боюнча Д. Шопоковдун, грекрим күрөшү боюнча И. В. Панфиловдун, эркин күрөш боюнча Каба уулу Кожомкулдун, улуттук күрөш боюнча С. Садыковдун эл аралык Турнири жана волейбол боюнча И. К. Ахунбаевдин, С. Чокморовдун республикалык маанидеги Турнирлери өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4