Айкын Турсун (1965) - кытайлык кыргыздардын илимпоз айымдарынын бири.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Айкын Турсун Кытайдын ШУАРынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору Артыш шаарында 1965-жылдын 18-октябрында төрөлгөн.

Атасы - Турсун Мырза жазуучу, ардагер (1939-жылы Кара-Жүл айылында туулган). Уруусу - чоңбагыш, анын ичинде Сыдык уулу.

Энеси - Токтокан Турду айым (1943-жылы туулган). Уруусу - кушчу. Алар төрт баланы өстүрүштү.

Айкын Турсун Артыш шаарындагы №2 облустук орто мектепти 1983-жылы аяктаган.

Кытайдагы Шанхай Жаотоңг университетинде илим жана техника чет тилдер факкультетин англис тили боюнча 1987-жылы окуп бүтүргөн.

1993-жылы алгачкы жолу Кыргызстанга окууга келген (Орус тил жана адабият педагогикалык институтунда, азыркы Бишкек гуманитардык университетинде билимин өркүндөткөн).

Анан беш жылдай Артыш шаарында тышкы соода компаниясында иштеген.

1996-2009-жылдары Бишкек гуманитардык университетинде чыгыш таануу факультетинде окутуучу болуп иштеген.

Үй-бүлөсү түзөтүү

 
Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай жана кытайлык кыргыз сыналгы инженери Нургелди Турганбай. Ак-Чий шаарындагы Жусуп Мамайдын үйүндө. 2013-жылдын 20-майы.

Маркум күйөөсү Нургелди Турганбай уулу (16.10.1965-27.06.2013) менен 1989-жылы баш кошкон. Нургелди - чоңбагыш уруусунун көктакыя уругунан. Түбү - Терек айылынан, бирок Артышта туулган. Анын адистиги - курулуш, сыналгы инженери.

Үч кызы (Сейил, Каныш, Жылдыз) бар.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Айкын азыркы учурда Кыргызстанда байырлоодо жана Кытайдагы кыргыздардын фольклордук мурасындагы диалектилик өзгөчөлүктөр тууралуу кандидаттык диссертациянын үстүндө иштеп жатат.

Ош гуманитардык–педагогикалык институту 2013-жылдын 25-ноябрында «Жусуп Мамайдын «Манас» эпосун мурас катары сактап калуудагы кошкон салымы» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрдү. Ага Айкын Турсун да катышты.

Эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү