Артыш - Борбордук (Ички) Азиядагы шаар. Тарыхый Чыгыш Түркстандагы, азыркы Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном районундагы 1950-жылдары уюшулган Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун акимдик борбору.[1]

Артуш шаарынын карамагында 2 кичи район, 1 шаар жана 6 айыл бар.[2]

Артыш шаарынын ишкерлери коңшу Кыргызстан менен да соода алакаларын ырааттуу жүргүзүп келет.

Артыш шаары Теңир-Тоо кыркасынын түштүк тарабында жайгашкан.

Шаарда кыргыз тилинде басылмалар чыгат.

Шилтемелер түзөтүү

  1. https://www.xjats.gov.cn/
  2. 2022年统计用区划代码和城乡划分代码:阿图什市.