Туткундоо — колго түшүрүү, туткун кылуу, жоо тараптын кишисин көз каранды абалга салуу. Саякбай Каралаевдин варианты вариантында калмактар Манасты колго түшүрүүгө аракеттенсе, ТМВда Жакыптын туткундалышы "Мажму ат-таварихте " да эскерилет. Саякбай Каралаевдин варианты вариантында кытайлар Билерик менен Жарманасты туткундап алышат. Мындай мотивдер эпостун бардык варианттарында бар. Мындан эпостогу окуялардын тарыхый турмуш менен байланышын, кытай-калмактардын басып алуусуна каршы жүргүзгөн кыргыздардын күрөшүн көрүүгө болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4