Тутумдаштыргыч ткандуу чел кабык

Тутумдаштыргыч ткандуу чел кабык (textus conjunctivus) -мезенхимадан келип чыккан жаныбарлардын организмдеги ткань, ал таяныч, трофикалык жана коргоочу функцияларды аткарат. организмде аткарган функциясына, клетканын курамына, клеткалык аралык структуранын тибине жана касиетине жана башка карата Т. т. ч. к. бир нече түргө бөлүнөт: сөөк жана кемирчектүү ткандар, торсымал май тканы, кан жана лимфалар менен биригип, пигменттик клеткаларга бай келген ички чөйрөнү түзүүчү ткандар. Мисалы, хорданы курчап турган Т. т. ч. к. онтогенездин жүрүшүндө дененин сегментине жараша ар биринде кемирчектүү доголор пайда болот: 2 жупту үстүнкү жана 2 жупту астыңкы доголор. Андан кийин бара-бара хорданы кызып, айланасына шакексымалдуу кемирчектер өрчүй башташат, булардан омуртканын денечеси пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү