Туулга – жоокердин урушка кийүүчү баш кийими. Туулганы кылыч, ок жана башкалардан коргонуу үчүн кийишкен. Туулганы темирден жасашып, ичин кийизден ичтеген, сыртына булгаары каптап, төбөсүнө чок чыгарышкан. Жаагын, желкесин жаап тургандай кайыш бекитилген. Ээк жагы бүчүлөнгөн. Кээ бир Туулгалар күмүш менен кооздолгон.
Туулга алгачкы коомдо эле пайда болгон (жыгач, чырпык, териден жасалган) жана коомдун өнүгүшүнүн кийинки баскычтарында ар кандай формада (чулу куюлган, майда-майда шакекче сыяктуу чынжырлардан жыш туташтырылган) коло, темирден жасалган.
Ал жумшак болсун деп кездеме иштелип, ок өтпөс баш кийим экенин билдирбес үчүн (маскировкалап) булгаары сыртталган. Орто кылымдарда туулгага бетти, моюнду калкалай турган бөлүктөр кошулуп, түзүлүшү татаалданган. Туулга жасалгалуу баш кийимге айланган. Кыргыздын оозеки чыгармаларына караганда туулганы кыргыздар байыркы замандардан эле жоокердик калканчы баш кийим катары колдонулуп келген. «Манаста» да коргонуу үчүн кийилүүчү баш кийим катары айтылат. Алмамбеттин сансыз кол менен жалгыз салгылашса да (мисалы, Бээжинден качып чыкканда жолун торогон кытай колу менен) жеңилбей, өлбөстөн аман чыгышы анын денесинин «ажал жеткис» магиялык күчкө ээ болушуна байланыштуу. Ал магиялык күчтү ажыдаардан окуганда алат. Анын жападан жалгыз талуу жери бар. Эч качан, эч кимден жеңилбеген Алмамбеттин Кичи казатта туулгасы башынан ыргып кетип, Кожожаштын огунан каза табышы эл аралык эпостордогу ошол салттык мотивдин жумшартылган түрү. Туулганын магиялык касиетке ээлиги Орхон-Енисей жазма эстеликтеринен да байкалат. Мисалы, Күлтегиндин урматына арналган жазмада жоонун огу баатырга, соот-чопкутуна жүздөп тийсе да, анын жез туулга кийген башына бир дагы жаа огу (жебеси) жакындабаганы айтылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү