Туш кийиз, туштук, туш туурдук – боз үйдүн керегесине, там үйдүн дубалына тартуу үчүн саймаланган кооздук буюм. Туш кийиздин узундугу 2,5–3 мдей, туурасы 1,5–2 мдей, четинин эни 40–50 смдей болот. Адегенде туш кийизден жана кийизге оюу-чийүү, көчөт түшүрүп жасалган, чети кундуз менен көбөлөнгөн. Баш жагына шуру, бермет, акак таштар бастырылган. Кийин тукаба, парча сыяктуу кездемеден жасала баштаган.

Анын ич жагы астарланат (ичтелет), жээги саймаланбай кара, кызыл түстөгү калың материал менен 5–7 смдей жээктелип, ийрек же ромб формасындагы кош тигиш менен шырылат. Чети чий баркыттан, макмалдан жасалып, бетине көчөт түшүрүлөт. Туш кийиздин ортосу четинин өңүнө карата тандалат. Чети кандай материалдан болсо, ошол эле материалдан анын дал ортосуна (кээде эки бурчуна да) тумарча орнотулган.

Туш кийиздин четине жарым бадам, жарым кыял, бармак боочу өңдүү оюмдар сайылат. Туш кийиздин четки саймасы менен ортолук саймасын ала мончок оюму менен сайылган эндүү жээк бөлүп турат. Көркөм көчөттөрдү бири-биринен ак, сары жиптер менен сайылган суусу, ала мончогу айырмалайт. Алар бутактанып кетет. Туш кийизде кыял оюуму кенен колдонулат. Туш кийиз боз үйдү кооздоп гана турбастан, суукту да тоскон.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү