Туюк көрүстөнүколо дооруна (биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын аягы–1-миң жылдыктын башы) таандык археологиялык эстелик. Гүлчө–Чоңалай автомобиль жолунун 76 кмде Гүлчө жана Туюк сууларынын кошулушундагы жайык тектирде жайгашкан. Негизги эстеликтер Туюктун эки өйүзүнөн орун алып, турак жайдын дубал калдыктары ачылган.

Дубалдын калыңдыгы 70 см, бийиктиги 1 м. Таштан тизилген очоктор, от калдыктары, аркар, текенин сөөктөрү табылган. Айрыкча, сүйрү түзүлүштөгү ортолору кайкы алгачкы таш жаргылчактар көп кездешет. Суунун эки өйүзүндө 150гө жакын мүрзөлөр бар. Дөбөлөрү топурак, таш кошулмасынан үйүлүп, тегерек же төрт чарчы сымал түзүлүштө болгон, айрымдары аңгек менен курчалган.

Дөбөлөрдүн бийиктиги 20–40 смден 4–6 мге жеткен, диаметрлери 5–60 м. Дөбөлөрдүн үстүндө чуңкурчалар жайгашкан. Мүрзөлөрдүн ички түзүлүшү жарма көр жана жер алдында 4–5 м тереңдиктеги казанактуу көрлөр болгон. Маркумдар кийизге, жазы жыгачтарга жана атайын жасалган табыттарга жаткызылган. Мүрзөлөрдө от калдыктары көп кездешет. Маркумдар бирден же топ-тобу менен коюлган. Аялдардын баш сөөктөрү сөлпү болгон.

Карапа идиштер, жыгач чөйчөктөр, жаа жебелери, коло күзгү, жыгач үстөл, асыл таш чөгөрүлгөн алтын тумар, кагаз сымал алтындан жасалган кооздук буюмдары табылган. Көрүстөн эстеликтери биздин замандын 2–4-кылымдарына (хунн доору) мүнөздүү. А. Ю. Баруздин, А. К. Абетеков, Кыргыз тарыхчылар жамааты жана Түрк тарых куруму тарабынан изилденген.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү