ТЫНАЕВ Осмонкул (1904, Күнгөй Аксуу болушу, азыркы Ысык-Көл району, Темир айылы – 1937, Бишкек) – мамлекеттик жана саясий ишмер. 1913–16-жылдары Сазановка орус-кыргыз башталгыч мектебинде окуган. 1927-жылы Москвада Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетин бүтүргөн. 1916-жылкы үркүндө ата-энеси менен Кытайга качкан. 1919–22-жылдары 1-баскычтагы мектептин окуучусу, «Кошчу» союзунун уезддик комитетинин иш жүргүзүүчүсү.

1922–23-жылдары комсомолдун Каракол уезддик комитетинде жооптуу кызматтарда иштеген. 1927–29-жылдары ВКП(б) Кыргыз обкомдун агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы, партиянын Нарын райкомунун жооптуу катчысы, Кыргызстан Борбордук аткомуна караштуу Жер-суу талаш-тартышы боюнча жогорку көзөмөл коллегиясынын төрагасы. 1930–31-жылы партиянын Ош округдук комитетинин жооптуу катчысы, Жалал-Абад райкомунун жооптуу катчысы.

931-жылы партиянын Кыргыз обкомунун 2-пленумунда коллективдештирүүгө каршы чыгып сүйлөгөн, ошондуктан ал «оңчул» деп күнөөлөнүп, анын жол-жобосу Кыргызстанда «тынаевщина» аталган. 1933–37-жылдары Кыргыз АССР агартуу эл комиссарынын орун басары, партиянын Каракол райкомунун жооптуу катчысы. Репрессияланган.


Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү