Тьерра темплада (исп. tierra templada мелүүн жер) - Борбордук жана Түштүк Америка тоолорундагы орто бийик токой алкагы.

Деңиз деңг. 800-1700 м (Борбордук Америка) жана 1500-2800 м (Анд тоолорунда) бийиктикте таралган. Тик капталдары терең дарыя капчыгайлары менен тилмеленген. Климаты мелүүн (орт. айлык температурасы 17-24°С); нымдуу (жылдик жаан-чачыны 3000 ммден ашык). Айдарым капталдарын тоо гилеясы каптап, кызыл латерит топурагы мүнөздүу. Дарак симал папоротниктер, бамбук, Анд тоолорунда хинн дараги жана кока, капталдарында дайыма жашыл жалбыраги күбүлмө дарактар өсөт. Айдоого жарактуу аянттарында жүгөрү жана кофе өстүрүлөт. Тьерра темпладада Колумбия, Венесуэла, Эквадордун калкинин көпчүлүк бөлүгү отурукташкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4