Тютчев Фёдор Иванович (23.11 (5.12). 1803, Овстуг кыш., азыркы Брянск обл. - 15 (27) 7. 1873, Царское Село, азыркы Пушкин ш.) - орус акыны.

Жаш чагында эле ыр жаза баштаган. 1819-21-ж. Москва университетинде окуган. 1822-37-ж. Мюнхенде, 1837-39-ж. Туринде орус дипл. миссиясында, 1848-жылдан өмүрүнүн акырына чейин ТИМде иштеген. Акын катары 20-30жылдары калыптанган. Анын эн мыкты лирикалык ырлары да ошол мезгилде жазылган. 1854-ж. туңгуч ыр жыйнагы жарык көргөн. Тютчевдин филос. көз карашы Ф. Шеллингдин натурфилософиясынын таасиринде калыптанган.

Ошондуктан анын лирикалык ырларында дүйнө, жаратылыш, адам бири бири менен тынымсыз карым-катышта, күрөштө сүрөттөлөт. 50-60-жылдарыТютчев адамдын сезимин, ой-санаасын даана ачып көргөзгөн эң мыкты ашыктык ырларын жараткан. Көп ырлары чет тилдерге, алардын ичинен кыргызчага да которулган (Э. Турсунов, Н. Жаркынбай, Ж. Мамытов).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4