Түндүк уюл (англ. north celestial pole) – Жердин айлануу огунун (Түндүк жарым шарда) жер бети менен кесилишкен жери.

1 Түндүк уюл
2 Түндүк магниттик уюл
3 Түндүк геомагниттик уюл
4 Түндүк жеткистик уюл.

Түндүк Муз океандын борбордук бөлүгүнөн орун алган. Түндүк уюлга алгач америкалыктар Ф. Кук (1908) жана Р. Пири (1909) жеткен. 1962-жылы суу астында жүрүүчү «Ленин Комсомолу» атомдук кайыгы Түндүк уюлга саякат жасаган. 1977-жылы 17-августта «Арктика» атом муз жаргыч кемеси деңиз саякатынын тарыхында 1-жолу Түндүк уюлга жеткен.

Түндүк уюлдагы орточо температура кышында −35 °C, жайында 0 °C.

Кошумча макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек, Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов