Түп заказнигиТүп районундагы аңчылык заказниги.

Тескей Алатоонун түн. капталында, Каркыра, Түп сууларынын алабында. Тоонун кырынан Аксайбулактын чатына (Түптүн куймасы) чейинки аймакты ээлейт. Аянты 15,0 миң га. Азайып ж-а жоголуп бараткан элик, доңуз ж-а Кыргыз Респ-нын Кызыл китебине кирген бугу, маралды коргоп ж-а көбөйтүү максатында 1976-ж. уюшулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2