ТҮРГӨШ ТЫЙЫНДАРЫ түзөтүү

Чүй өрөөнүндөгү шаар калдыктарынан (Акбешим, Шишдөбө), көбүнчө Ысык-Ата районунун Красноречка айыл өкмөтүнүн аймагындагы Красноречка шаар чалдыбарын археологиялык казуу убагында табылган. Түргөш тыйындары колодон жана жезден жасалган.

Бул монеталар Үч-Элиг (699–706) Батыш Түрк кагандыгынын он ок элинин каганы наамын (титулун) кабыл алгандан соң чегилип чыгарыла баштаган, аверсте «түргөш – каган» деген жазуулар бар. Акыркы иликтөөлөр търгщш тыйындарынын сапаты, жасалыш технологиясы кытайлардыкынан кем калбагандыгын тастыктайт. Търгщш тыйындары Суйабда чегилген. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тарых музейинде сакталууда.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү