Акбешим шаар чалдыбары – 6–12-кылымдагы шаар калдыгы. Токмок шаарынан 6 км түштүк-батыш тарапта. Түзүлүшү жагынан алгачкы орто кылымдагы Түндүк Кыргызстан үчүн мүнөздүү шаар.

Акбешим шаарчасы

Шаардын борборуна туташ жайгашкан аймакта кол өнөрчүлүк, соода, ага чейин кесипчилик кылган шаардыктардын үйлөрү болгон.
Негизинен турак-жай имараттарынын калдыктары, тиричилик шаймандары, тыйындар, көркөмдөлгөн буюмдар,
ошондой эле шахристандын түштүк тарабында жайгашкан 6–8-кылымга таандык эки будда храмынан архитектура, скульптура, живопись, курулуш техникасына тиешелүү бай материалдар табылган.
Бул шаарды Батыш Түрк жана Түргөш кагандыктарынын байтактысы – Суйаб деп эсептешет.

Маалымат булактары түзөтүү