Түркстанит
Түркстанит (Түркстан кырка гоосунун атынан) - сейрек минерал, стисиит тобундагы силикат, араповиттин Th - аналогу, Th(Ca, Na)2, (K,(box))Si8-O20-nH2O.
Өңү күрөң, кочкул жашыл, ачык жашыл. Тунук, айнектей жылтырайт. Катуулугу 5,5-6, тыгыздыгы 3,36 г/см3, морт. Радиоактивдүү. Ал щёлочтуу комплекстердин экзоконтакттысынын альбиттешкен зонасында пайда болгон. Кальцит, флюорит, пектолит, титанит, альбит, кварц, эгирин, микроклин ж. б. менен чогуу кездешет.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4