Түркстан АССРнин борбордук аткаруу комитети

Түркстан АССРнин борбордук аткаруу комитети (БАК) - Туркстан АССРнин. жогорку мыйзам чыгаруу, башкаруу жана көзөмөлдөө органы.

Түркстан АССРнин Советтердин крайлык съезди тарабынан шайланып турган (алгачкы жолу 1918-ж. 30-апрелде өткөн Советтердин 5-крайлык съезди шайлаган) жана Түркстан АССРи жоюлганга чейин (1924) иш алып барган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4