Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы

Түркстан автономия советтик социалисттик республикасы, ТАССР. РСФСРдин курамында 1918-жылы 30-апрелде Орто Азия аймагында түзүлгөн. Борбору Ташкен шаары болгон. 1918-жылы 5–14–октябрда өткөн Түркстан Республикасынын советтеринин чукул чакырылган 6-съездинде ТАССРдин Конституциясы кабыл алынган.

Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы
автономиялуу республика
1918 — 1924


Желек Герб
Тил кыргызча, түркмөнчө
Акча бирдиги рубль
Калк кыргыздар, түркмөндөр
Өтүүчүлүк
Кыргыз автономиялуу облусу

1918-жылы жазында ТАССРдеги негизги өнөр жай тармактары, банктар, темир жолдор мамлекеттештирилген. 1918-жылдын. орто ченинде Түркстандын аймагында ички контрреволюцияга жана чет элдик интервенцияга каршы Оренбург-Акдөбө, Закаспий, Жетисуу жана Фергана фронттору түзүлгөн. Түркстан Кызыл Армиясы түзүлүп, ТАССР Компартиясы менен Советтик республиканын экономикасын жапырт көтөрүү боюнча атайын чараларды көрүшкөн.

Жалпысынан РСФСРге салыштырганда мында өнөр жай ишканаларын, анын ичинде кустардык жана жарым кустардык типтеги бардык өндүрүш ишканаларын мамлекеттештирүү бир кыйла тез темпте ишке ашырылган. ТАССРде 1920-жылдагы эсеп боюнча 5230 миң адам (казак, кыргыз, өзбек, тажик, түркмөн, каракалпак, орус жана башка) жашаган. Калктын 85%инен көбү айылда жашап, республиканын бардык продукциясынын 2/3 бөлүгүн айыл чарбасы берген.

1924-жылы 27-октябрда Орто Азиянын улуттук мамлекет болуп бөлүнүшүнө байланыштуу ТАССР жоюлуп, анын аймагында Өзбек ССРи, Түркмөн ССРи, Тажик АССРи (Өзбек ССРинин курамында), Кара Кыргыз автономия облусу (РСФСРдин курамында), Каракалпак автономия облусу (Казак АССРинин курамында) түзүлгөн, казак калкы жашаган аймактар Казак АССРине өткөн.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү