Түркстан коммунисттик партиясы

Түркстан коммунисттик партиясы. ТКП – РКП(б)нин составдык бөлүгү. 1906-жылы РСДРПнин Түркстан уюмдарынын союзу түзүлгөн. Февраль революциясына чейин Түркстандагы социал-демократиялык уюмдар жашырын иштеген. 1918-жылы 17-25-июнда Ташкенде өткөн Түркстан Компартиясынын 1-съездинде ТКП түзүлгөн.

ТКП райкому менен Түркстан Борбордук аткомунун курамына улутчулдар тобу кирип кеткендигине байланыштуу Түрккомиссиянын 1920-жылы 19-июлдагы токтому боюнча ТКПнин крайкому таратылып, ТКПнин убактылуу Борбордук комитети, 1920-жылы РКП(б)нын БК Түркстан бюросу түзүлгөн.

1921–1922-жылдары ТКП(б)нын катарын тазалоо жүргүзүлгөн. Түркбюро 1922-жылы РКП(б) БКнын Орто Азия бюросу деп аталып, Хорезм Советтик Эл Республикасынын, Бухара Эл Республикасынын жана Түркстан АССРинин коммунисттерин жетектеген.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү