Түркстан кыргыз, казак кедейлеринин 1-сьезди

ТҮРКСТАН КЫРГЫЗ, КАЗАК КЕДЕЙЛЕРИНИН 1-СЪЕЗДИ. Олуя-Ата (азыркы Тараз) шаарында 1921-жылы 20-январда өткөн. Съезд жер-суу реформасын токтоосуз жүргүзүүнү, орус кулактарынан өз алдынча басып алган жерлерди казак, кыргыздарга кайтарып берүүнү, кедейлерге бөлүштүрүү үчүн мурдагы бардык мамлекет жерлерди советтердин фондусуна берүүнү жактаган. Съездге 600 делегат катышкан.

Түркстан Кыргыз, Казак кедейлеринин 1-съезди - Орто Азиядагы жер-суу реформасына колдоо көрсөтүү үчүн уюшулган алгачкы съезд.

Ал Олуя-Ата (азыркы Тараз) шаарында 1921-ж. 20-январда өткөн. Съездге 600 делегат катышып, жер-суу реформасын токтоосуз жүргүзүү, орус кулактарынан өз алдынча басып алган жерлерди казак, кыргыздарга кайтарып берүү, кедейлерге бөлүштүрүү үчүн мурдагы бардык мамлекеттик жерлерди советтердин фондусуна берүү тууралуу маселелерди караган.

Түркстан коммунисттик партиясы (ТКП) - РКП(б)нин курамдык бөлүгү. 1918-ж. 17-25-июнда Ташкентте өткөн Түркстан Компартиясынын 1-съездинде түзүлгөн. ТКП крайкому менен Түркстан Борбордук аткомунун курамына улутчулдар тобу кирип кетти деген шылтоого байланыштуу 1920-ж. 19-июлдагы Туркстан кожиссиянын токтому менен ТКПнин крайкому таратылып, ТКПнин убактылуу Борбордук комитети, 1920-жылдан РКП(б)нын БК Түркстан бюросу түзүлгөн. 1921-22-ж. ТКП(б)нин катарын тазалоо жүргүзүлгөн. Түркбюро 1922-ж. РКП(б) БКнын Орто Азия бюросу деп аталып, Хорезм Советтик Эл Республиканын, Бухара Эл Республиканын жана Түркстан АССРинин коммунисттерин жетектеген.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү