Түрмө
Түрмө — эркинен ажыратуу жазасына тартылгандарды кармоочу жай.
Тергөөдөгүлөр да Түрмөдө кармалат. Түрмөге, зындаша камоо илгертеден эле болгон. Кул ээлик жана феодалдык, коомдо күнөөлүүгө кандайдыр бир мүчөсүн майып кылуу же келтирилген зыянды мүлк менен толуктоо жазалары колдонулган. Азыркы бурж. Түрмө системасынын пайда болушу капиталык түзүлүшкө байланыштуу.
Колдонулган адабияттарОңдоо
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.