Түштүк Фергана көмүрлүү аймагы

Түштүк Фергана көмүрлүү аймагыОрто Азиядагы көмүрдүн ири кендери жайгашкан аймак. Түркстан ж-а Алай кырка тоолорунун түн. этегинде, Тажик, Өзбек, Кыргыз Респ-нын аймагында.

Райондо Сүлүктү, Шураб, Шуран ж-а Кызылкыя көмүр кендери белгилүү. Мындагы көмүр жерг. элге илгертен белгилүү болгону м-н алгачкы геол. Маалымат 1875-ж. берилген. Райондун аймагында негизинен ордовик, карбон, юра ж-а неоген-палеоген мезгилдеринин чөкмө тоо тектери, каледон м-н герцин гранитоид интрузиялары жатат. Көмүр юра мезгилинин кумдук, чопо, алевролит тоо тек катмарларынын арасында жайгашкан. Сүлүктү кенинде 9, Шурабда 10, Шуранда 2, Кызылкыяда 23 көмүр катмары бар. Алардын калыңдыгы 0,05 мден 32 мге чейин өзгөрөт. Көмүр күрөң, гумустуу, күкүрттүү, күлү аз. Күйүүдөгү орт. Табы 17 МДж/кг (Кызылкыя). Жалпы геол. запасы 5555,5 млн т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2