Төлөйкөн көрүстөнү – б. з. ч. 6–4-кылымдарда жашаган сак урууларына таандык мүрзөлөр. Ош шаарынан 10 км батыш тараптагы Чилмайрам тоосунун этегинде, 22 дөбө мүрзөдөн турат. Мүрзөлөрдөн боёлгон карапалар табылган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.