Төмөнкү КалифорнияТүндүк Американын батышындагы жарым арал (Мексиканын Төмөнкү Калифорния штатында). Тынч океан менен чулганып, материктен Калифорния булуңу аркылуу бөлүнөт. Узундугу 1200 км, туурасы 50—250 км. Чыгышында жанартоо жана кристаллдык тектерден турган тоо массивдери 3078 мге чейин көтөрүлөт; батышын тепкичтенип көтөрүлгөн бөксө тоолор (бийиктиги 1000—1500 м) жана ойдуңдар ээлейт. Тропиктик чөл жана субтропиктик жарым чөл өсүмдүктөрү (бадалдар, кактус, агава, юкки) өсөт; тоолорунда токой кездешет. Сугат дыйканчылыгы жана багбанчылык өнүккөн. Ири улуттук паркы — Сьерра-де-Сан-Педро-Мартир.

Төмөнкү Калифорния.

Колдонулган адабияттар түзөтүү